• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров, дипломатиялык корпустук өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери катышууда.

Майрамдык иш-чаранын алкагында аянтта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн парады өтөт.

Салтанаттуу иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап, 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган. Быйыл Кыргызстандын туусуна 30 жыл толду.

Пикир

Оставить комментарий