• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте туура эмес орнотулган 34 көрнөк-жарнак алынып, 22 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бишкекте туура эмес орнотулган 34 көрнөк-жарнак алынып, 22 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү автоунаа жүрүүчү жол жээктерде Кыргыз Республикасынын “Автоунаалар жүрүүчү жолдор” тууралуу мыйзамына туура келбеген туура эмес орнотулган көрнөк-жарнактар, баннерлер, көрсөткүчтөр, белгилер, плакаттар жана башка башаламан белгилер үчүн атайын “Рекламный щит” аталышында рейддик иш-чара жүргүздү.

Ага ылайык, төмөнкү бузуулар аныкталды;

- өз алдынча туура эмес жарнак-баннерлерди орнотуп алгандар 46 факты;

- туура эмес орнотуулар үчүн 8 жаранга эскертүү берилди;

- туура эмес орнотулган көрнөк-жарнактардын 34тү алынды. Ал эми жалпы 22 миң сомго айып салынып, башкаларына эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий