• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте тынч шайлоо үчүн флешмоб өттү

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Бишкекте жарандык активисттер жана маданият ишмерлери Маданият, маалымат жана турзим министрлигинин алдында жарандарды жана президенттикке талапкерлерди таза шайлоо го үндөгөн ылешмоб өткөрүштү.

“Биз бардык жарандарды жана талапкерлерди тынч шайлоого чакырабыз. Биз кээ бир талапкерлер акча таратып төңкөрүш жасоого аракет кылып жаткандыктарын телевизор аркылуу көрүп жана угуп жатабыз. Укук коргоо органдары булар кимдер экендигин аныкташы керек. Биз элдерди чагымчылдыкка алдырбоого, өз добуштарын сатпоого жана шайлоо тынч өтүшүн үчүн акцияга чыктык”,-деди Эр-таймаш федерациясынын президенти Актан Ажимамбетов.

Флешмобго Афган согушунун ардаргерлери, революциянын баатырлары жана маданий ишмерлер катышып, элди өз добуштарын сатпоого чакырышты.

“Биз тынч жана таза шайлоо үчүн. Эгерде эртең башаламандык болуп кетсе ким жооп берет? Биз бардыгына кайрылабыз. Мен спортчу катары бардык спортчуларга жана жалпы элге кайрылам: сиз саясий оюндардын курмандыгы болуп калбашыбыз керек. Сатылбоо керек. Добушуңузду сатуу менен сиз өз келечегиңизди сатып жатасыз. Бул шайлоо таза болгондугуна байланыштуу, биз, анын таза жана тыня өтүшүнө чакырык жасайбыз. Биздин максат – көп улутту калкыбызга кайрылуу жасоо. Биз кыргызстандыктар кээ бир талапкерлердин чагымчылдыгына алдырбашыбыз керек”,-деди Ажимамбетов.

“Бактыга жараша Кыргызстан өз жолун тапты, биз бул өнүгүү жолун улап кетишибиз керек”,-деп кошумчалады активист.

Пикир

Оставить комментарий