• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте "Тынчтык. Коопсуздук. Өнүгүү: Баткендин чек арасындагы согуштук жаңжалдын сабактары" аттуу форум өттү

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Бишкекте "Тынчтык. Коопсуздук. Өнүгүү: КР Баткен облусунун чек арасындагы согуштук жаңжалдардын сабактары" аталыштагы форум болуп өттү. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара КР Жогорку Кеңешинин айым депутаттарынын, КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) КР, «Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн демилгесинде өттү.

Форумдун жүрүшүндө Баткен облусунда 2021-жылдын апрель-май айларында болгон окуялар талкууга алынды. Атап айтканда, “Тынч жарандарга каршы согуштук кылмыш фактылары” Тажикстандын Гафуров РИИБде барымтадагы жарандарга карата кыйноолордун колдонулушу; “Жашаган турак-үйлөрү өрттөлгөнүнүн айынан үй-жайсыз жана жашоого каражатсыз калган аялдар жана балдардын көйгөйлөрү”; “Аткылоонун айынан көз жумган 12 жаштагы Мадинанын таржымалы” жана башка маселелер талкууга алынды.

Мындан тышкары, Баткен облусунан келген Хаит Айкынов Лейлектеги абал тууралуу, окуя болгон жердеги эксперттердин көрсөтмөлөрү, ошондой эле Баткен облусун чек арасындагы окуялардын хронологиясы тууралуу кеңири баяндады. Өз кезегинде “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун Баткендеги өкүлү Роберт Абазбеков Кыргызстандын чек арасына жакын чөлкөмдөрүндө жаңжалдын, тобокелчиликтердин жана кырсыктардын алдын алуунун маанилүүлүгү жөнүндөөз оюн ортого салды. Ошондой эле, «Энсан Диамонд» уюмунун өкүлү Малюда Тынаева жаңжалдарды чечүүдө гендердик мамиленин маанилүүлүгү, тобокелчилик аймактарында аялдар уюмдарынын ролу тууралуу баяндама жасады.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча ушул жолугушуунун аягында атайын резолюция кабыл алынды. Анда Тажикстандын тарабынан бир катар эл аралык макулдашуулардын жана көп тараптуу ченемдик-укуктук актылардын бир катар талаптарынын бузулганы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, 2021-жылдын 28-апрелинен 2-майына чейинки Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн аракеттери согуштук агрессия мүнөзүндө жана аскердик кылмыш болуп саналары белгиленди.

Ушуга байланыштуу эксперттик форумдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын бийлигине тиешелүү демилгелер менен кайрылуу жолдошту.

Пикир

Оставить комментарий