• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте тынчтык митинги өтүп жатат. Милиция шаардагы кырдаал көзөмөлдө экендигин билдирди

Коом 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Медиа форум" имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон тынчтык митинги өтүп жатат.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, милиция кызматкерлери кадимки тартипте иштеп жатат. Шаар тургундары менен конокторунун тынчсыздануусуна эч кандай себеп жок. Шаар аймагындагы кырдаал ички иштер органдарынын көзөмөлүндө турат.

"Жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда милиция кызматкерине кайрылып, 102 номерине чалыңыздар", - деп айтылат маалыматта.

Митингде болжол менен 1 миңге жакын киши катышууда.

Пикир

Оставить комментарий