• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте тышкы жарыктандыруу иштери уланууда — мэрия

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаарды жарыктандырууну улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаада энергияны кыйла үнөмдөгөн жаңы түстүү диоддук чырактар орнотулууда.

"Мурас-Ордо" конушунун №3,4,6,7,9,10,11,12,13,14 көчөлөрү эми жарык болот. Аталган көчөлөргө 289 светодиоддук чырактар орнотулуп, 10 чакырым электр чубалгылары тартылды.

"Алтын-Бешик" конушунда сырткы жарыктандыруунун 23 түркүгү жана 40 светодиоддук чырак орнотулуп, 1300 метр электр чубалгылары тартылды.

"Көлмө" конушунда 20 түркүк, 120 чырак, 4200 метр электр чубалгылары, ал эми "Тынчтык" конушунда 40 чырак, ошондой эле 2000 метр электр чубалгылары тартылды.

Ошол эле учурда "Ак-Босого", "110 квартал", "Калыс-Ордо" конуштарына көчө жарыктандыруусун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Тышкы жарыктандырууга байланышкан кайрылуулар менен ишкананын тез жардам диспетчерине кайрылсаңыз болот: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115, 0702 805-756.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Инстаграм: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet

Пикир

Оставить комментарий