• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте уюлдук телефон уурдаган киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери уурдоого шектүү жаранды кармады.

Маалыматка ылайык, 14-январда Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Чүй жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен чөнтөк телефон уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 2001-жылы туулган К.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 15:00 чамасында белгисиз жарандар арыз ээсинин чөнтөк телефонун жашыруун уурдап кетишкендиги айтылат.

"Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий