• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте уюлдук телефонду уурдоого шектелип 21 жана 25 жаштагы жигиттер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Бишкекте уюлдук телефонду уурдоого шектелип 21 жана 25 жаштагы жигиттер кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда болжол менен саат 00:00дөр чамасында "102" кызматына Бишкектин Орозбеков жана Киев көчөлөрүнөн 21 жаштагы А.Н. аттуу жаран белгисиз адамдар тарабынан тонолгонун билдирип кайрылган.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барган. Анда ошол эле күнү 21 жаштагы жигитти коркутуп, "Редми Нот" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алып, качып кетишкени аныкталган. Жазылган арыздын негизинде кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Б.М. жана 21 жаштагы Х.М. аттуу жарандарды кармашкан.

Шектүүлөр тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Аталган факты боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий