• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын аймагында издөөдө жүргөн 28 жаштагы Б.Т., аттуу жаран кармалган. Ал ИИМдин ыкчам тобунун тизмесинде УКТнын учурдагы активдүү мүчөсү катары катталган.

Милициядан билдиргендей, 2018-жылдын июнь айында “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз каттоо тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Аталган унаа Б.Т., аттуу жарандын атына катталып, Россиядан КРнын аймагына алынып келингендиги аныкталган. Бирок, Салык кызматынан алынган расмий маалымат боюнча унааны киргизүүдө Б.Т., аттуу жарандын атына тиешелүү документтер катталган эмес. Андан тышкары КРнын Чек ара кызматынын базасында аталган жаран чек араны өткөндүгү тууралуу маалымат жок экендигин айтылган. Демек, чек ара кызматынын мөөрү жана тиешелүү документтери жасалма болгон деген күмөн бар”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган Б.Т., аттуу жаран Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүүдө. Аталган жарандын Бишкек шаарынын аймагындагы башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий