• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Коом 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Бишкекте Асанбек Камчынын уюшкан кылмыштуу топбунун мүчөсү кармалды деп билдирди башкалаанын ИИББсынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 2017-жылы 31-январда башкалаанын ИИББсынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Октябр районунун аймагынан Чүйдүн Сокулук районунда жашаган, таластык 31 жаштагы Р.Б. кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү №76 үйдүн маңдайындагы автотоктоочу жайдан Р.Б.га тиешелүү “БМВ-735” маркасындагы машинадан 4 патрону менен “Макарав” пистолети табылды. Ошондой эле “Р.Б.нын оң чөнтөгүнөн 7 грамм гашиш да табылды.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий