• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте УКМКнын академиясы курулат

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясы курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы 64479-аскер бөлүгүнүн түзүлүшүнүн 50 жылдык мааракесине барганда белгилүү болду.

Азыркы учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин билим берүү ишмердүүлүгү генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында ишке ашырылат.

Белгиленгендей, улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды сапаттуу даярдоону жана билим берүү процессин жакшыртуу максатында генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында КР УКМКнын Академиясын куруу боюнча уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер чечилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий