• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте УКМКнын кызматкеримин деген жаран дарыканадан акча талап кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Бишкекте УКМКнын кызматкеримин деген жаран дарыканадан акча талап кылган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-январда саат 15:45тер чамасында “102” кызматына Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыканада эркек адам акча талап кылып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Жеринде 41 жаштагы У.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол даректеги дарыканалардын биринен белгисиз жаран өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштерин айтып, белгисиз кызматтык күбөлүгүн көргөзүп, акча талап кылган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары 35 жаштагы Ж.А. аттуу жаранды кармап, кызматтык күбөлүгүн текшерүү учурунда жасалма экендиги аныкталган.

Шектүү Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 379-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий