• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте УКТ мүчөсү өтүп бара жаткан адамдын телефонун жана акчасын тартып алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясынын ыкчам кызматкерлери каракчылык кылууга шектүү жаранды кармашты, деп билдирет шаардык милициянын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 17-ноябрда Биринчи май райондук милициясына А.Б. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 03:40тар чамасында Алтын-Казык конушунан белгисиз адам бычак менен коркутуп 20 миң сомдук телефонун жана 4 миң сом акчасын тартып алып, качып кеткен адамга карата чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Биринчи май райондук милициясында кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Биринчи май райондук криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон 1992-жылы туулган Д.М. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, камакка алынган.

Азыркы учурда шектүүнүн башка кылмыштуу фактыларга тийиштиги бар же жогун аныктоо боюнча кошумча тергөө аракеттери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий