• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Уктап жаткан досунун аялын зордуктоого аракет кылган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Бишкекте уктап калган досунун 38 жаштагы аялын зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү түгөйлөр күйөөсүнүн досу менен бирге спирт ичимдигин ичишкен. Андан кийин түгөйлөр үйүнө кетип, досу да алардын артынан барган. Түгөйлөр уктап калган кезде алардын досу аял менен жыныстык катнашка барууга аракет кылган. Бирок аял ойгонуп, милиция чакырган.

Учурда баардык текшерүүлөр дайындалып, тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий