• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте укук бузууларды алдын алуу иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 26-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек шаардык Свердлов райондук администрациясы БУУ башкармалыгынын эксперттери менен биргеликте коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук бузууларды алдын алуу боюнча жумушчу топ түздү.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматында, райадминистрация тарабынан көптөгөн изилдөөлөр, онлайн-сурамжылоолор жана укук бузууларды алдын алуу боюнча семинарлар өткөрүлдү.

Жумушчу топ кечкисин коопсуздуктун деңгээлинин төмөндүгү, мектептердеги рэкет, баңгичилик, жол кырсыктары жана унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги, батирлерди тоноо сыяктуу көйгөйлөрдү аныкташты.

“Бул маселелерди чечүү үчүн райондук администрация тарабынан БУУ башкармалыгынын эксперттери менен биргеликте 203 миң сом грант бөлүнгөн. Ага короолор тосулуп, көп кабат үйлөрдүн киреше беришине жана “Чыгыш-5” кичи районундагы №7 короого байкоо камералары коюлат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Т.Айтматов көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин 250 миң сомдон ашыкка жарык коюлду. “Аламүдүн-1” кичи районундагы жарыктандырууга кеминде 400 миң сом кетти. Эми райадминистрация “Бишкекжарык” МИ менен бирге райондун 16 көчөсүнө жарык орнотууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий