• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте «Укуктары бузулган кыздардын жолу» акциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. 2017-жылдын 5-декабрында саат 12.00дө Бишкек шаарындагы Уркуя Салиева атындагы эстелигинин аянтында «Укуктары бузулган кыздардын жолу» аттуу акция болуп өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Акциянын демилгечилери акциянын катышуучуларын жана конокторун «Укуктары бузулган кыздардын жолу» аркылуу алып өтүшөт. Бул жолдо алар өспүрүм курагында күйөөгө берилген, билим алуу укугунан ажыраган, өзүнүн билимин жогорулатуу, өзүн өнүктүрүү тандоосуна ээ болбой калган «кыздар менен жолугушат».

Иш-чаранын жүрүшүндө демилгечилер, өспүрүм кыздардын никеге туруусуна каршы маалыматтарды, ошондой эле өспүрүм кыздардын катышуусундагы диний нике кыюу каадасын ишке ашырган диний кызматкерлер дин жана ата-энелердин кылмыш жоопкерчиликтери жөнүндө маалыматтарды камтыган баракчалар менен постерлерди таратышат.

“Эсиӊиздерге сала кетсек, 2016-жылдын октябрь айында КРнын Жогорку Кеӊешинин депутаттары тарабынан «КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине) мыйзамын кабыл алышкан. Бул мыйзам, жылдан жылга өсүп бара жаткан кыздарды өспүрүм курагында күйөөгө берүү көрүнүштөрүнө жооп катары кабыл алынды жана анда республикада юридикалык жактан катталбаган никелердин, никени диний жактан кыюу менен чектелүү көрүнүштөрүнүн жайылып бара жаткандыгы эске алынды, өспүрүм кыздардын укуктарын коргоого багытталды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мындай акциялар республиканын бардык аймактарындагы шаарларда Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Токмок, Алай, Нарын, Талас, Чолпон-Ата шаарларында дагы өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий