• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте улгайган адамдарды басмырлоо темасы талкууланат

Коом 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта, Бишкекте КР Акыйкатчысынын “Кыргыз Республикасындагы улгайган адамдарга карата адаттар жана басмырлоолор” темасындагы атайын даярдаган докладын талкуулоо үчүн тегерек стол өтөт.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдиргендей, тегерек столдогу талкууга КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев, КРнын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери катышат. Ошондой эле талкууга КРнын Жогорку Кеңешинин комитет төрөгалары, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, аталган тармакка тиешелүү министрлик жана ведомство жетекчилери-КРнын Саламаттык сактоо министрлиги, КРнын Эмгек жана өнүгүү министрлиги; Профсоюз Федерациясы, “Ресурсный центр пожилых” коомдук бирикмеси чакырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Акыйкатчы институ тарабынан жүргүзүлгөн мониторинг жыйынтыктары тууралуу сөз болмокчу. Аталган докладдын даярдалышы үчүн теңчилдик жана басмырлабоо кепилдиктеринин тегерегиндеги эл аралык стандарттар, ошондой эле карылык маселелери боюнча Эл аралык Мадрид планы жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен Эмгектин эл аралык уюмунун сунуштары сыяктуу улгайган адамдарга тиешелүү болгон эл аралык программалык жана аналитикалык документтер колдонулду.

Белгиленгендей, байкоолордун жүрүшүндө улгайган адамдар карылыкка байланыштуу кодулоолорду жашоодогу «жолу жоктукка», «карылык-кубаныч эмес, башкача кандай болушу мүмкүн?» дегенге байланыштырып карашарына, ар кандай окуяларды жана көрүнүштөрдү - «өзүм күнөөлүүмүн», «балдарды туура эмес тарбиялаганбыз» деп өздөрүн күнөөлөө менен кабыл алышарына Омбудсмен аппаратынын кызматкерлери күбө болушту. Сурамжылоого катышып, жооп бергендердин көпчүлүк бөлүгү (68%) карылык жөнүндөгү адаттар жана карылыкка байланыштуу кодулоолор Кыргызстанда бар деп эсептешет.

Изилдөөгө алынгандардын басымдуу бөлүгү эмгек чөйрөсүндө улгайган адамдарды кодулоо алда канча кеңири тарагандыгын көрсөттү. Изилдөөгө катышкандардын көпчүлүк бөлүгү жумушка алынууда, жумушчу ордунда жана жумуштан бошоп жатканда басмырлоолорду өз баштарынан өткөрүшкөн. Жумуш ордунда улгайган кызматкерлер кайра даярдоодо, өзгөчө техникалык жөндөм же маалыматтык технологияларды колдонуу туурасында сөз болгондо кыйынчылыктарга туш болушат.

Ошондой эле сурамжылоодо Саламаттыкты сактоо системасында, жеке секторлордо, соода тармагында кызмат көрсөтүүдө, мамлекеттик органдар менен байланышууда жана үй-бүлөдө дагы басмырлоолор болору айтылган.

Атайын докладдын максаты - кары картаңдарга карата коомчулукка калыптанып, адатка айланган басмырлоо, кодулоо мамилелерди талкуулоо жана аны жокко чыгаруу үчүн тиешелүү тармактарга сунуштарды берүү.

Эскерте кетсек, тегерек столду уюштурууга USAID жана Freedom House өкүлдөрү колдоо көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий