• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Улут намысын саттырбайбыз!” акциясы болуп ɵттү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 04.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы эмен багында мекенчил коомдук бирикмелердин катышуусунда флеш-моб ɵткɵрүлүп, анда акциянын катышуучулары кыргызстандыктарга тɵмɵнкүдɵй кайрылуу жасады:

“УЛУТ НАМЫСЫН САТТЫРБАЙБЫЗ!”

коомдук кыймылынын кыргызстандыктарга кайрылуусу

Урматтуу мекендештер, шайлоочулар!

Бир катар коомдук уюмдар жана бирикмелер шайлоо алдында “УЛУТ НАМЫСЫН САТТЫРБАЙБЫЗ!” аттуу кыймылга биригүүгө аргасыз болдук. Анткени, шайлоо күнү жакындаган сайын көпчүлүктүн көөнүн ооруткан көрүнүштөргө күбө болуп жатабыз. Талапкерлердин бири жер-жерлерде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн бүтүндөй түйүндөрдү уюштуруп жатканы тууралуу кабарлар тынымсыз келүүдө. Ар бир добуш үчүн 3 миңден тарта 8 миңге чейин сом убада берип жатышыптыр. Шайлоодо жеңиш үчүн 1 миллион 100 миң эле добуш жетиштүү болорун эске алганда ар бир добушту сатып алганга 3төн 8 миллиардга чейин сом керектелет экен. Ошентип, Кыргызстандын тагдырын чечкенге 8 миллиард сом эле жетиштүү.

Кыргызстанда мынча бош акча жок. Биздин оюбузча, мынча акчаны табуунун эки жолу бар.

Биринчиси. Чет жердик олигархтардан алыш керек. Кайсы эле олигарх бекер акча берет? Албетте, карыз ордуна жергебиздин байлыктары – кендерди, жаратылыш жайларыбызды, суу, мөңгү, ГЭСтерди ж.б. алары турган иш. Эсиңиздерде болсо, Максим Бакиев да убагында биздин кен байлыктарды чет жердик олигархтарга текейден арзан берип жиберген. Мына ошол окуя кайталанганы турат!

Азыр чет жердик олигархтар шайлоо алдында Кыргызстанга келип, президенттикке талапкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын уктук. Аны талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов мойнуна алды. Шайлоо алдында ошол олигархтардын киришүүсү менен талапкер Бабанов чет жердик мамлекет башчысына жолугуп, колдоо алып чыкканы баарыбызды ирээнжитти!

Кандай гана баа менен болбосун шайлоодо утуш үчүн чет жердик арам акчаларга жер-жерлерде кылмыш анабашыларын жалдап, шайлоо күнү тополоң чыгарууга камданып жатышканын уктук!

Эгер 15-октябрда жалаң арам акчага жана криминалга таянган талапкер жеңсе, Кыргызстандын биротоло эгемен жана көз карандысыз мамлекет болуу үмүтү таш кабат. Арам акча менен жеңген президент бөтөндөрдүн кол баласы болот, алардан карызын кутулуш үчүн өз эл-жерин тоногонго мажбур болот!

Экинчиси. Талапкер Бабановго таандык саналган “Кыргызстан” банкында Финансы министрлигинин жана Соцфонддун жүз миллиондогон сомдору жатат, андан башка аманатчылардын акчасы бар. Демек, ошол акчалар да добуш сатып алууга жумшалышы толук мүмкүн. Андай эмес экенин талапкер Бабанов бизге, шайлоочуларга далилдеп берсин!

Айланайын Өмүрбек Токтогулович, сиз жолугушууларыңызда оозуңуздан Казакстанды түшүрбөй, шилекейиңиз чачыраганча мактап жатасыз. Ооба, Казакстан көп нерсеге жетишти. Бир эле Казакстан эмес, бай өлкөлөрдүн бюджети нефтидоллардан турат.

Биз эмне үчүн өз жериңиздеги өзгөрүүлөрдү көргүңүз келбейт? Нефть түгөнөт. Башкаларда нефть болсо, Кыргызстанда түгөнбөс суу бар, баарына чыдамдуу, тоо томкоро турган эли бар. Өз эл-жерин баалабаган, барктабаган, басынтып сүйлөгөн намысы жок саясатчы кантип ошол элге лидер болот? “Өз элин агалай албаган бөтөн элдин эшигин сагалайт” деген кыргыз макалын эсиңизге тутуп алыңыз.

Кыргыздар эч качан бирөөгө чөгөлөгөн эмес, эч качан кул болгон эмес! Сиз жалаң акчага таянып, добуштун баарын, өлкөнүн баарын сатып алам деген оюңуздан майнап чыкпайт! Улут намысын саттырбайбыз! Сиз өзүңүздүн анык жүзүңүздү көргөздүңүз!

Мекендештер!

Акчага алданбайлы! Ал эртең эле түгөнөт. Анын үстүнө арам акча аш болбойт. Бал тилге алданбайлы! Мекенибиз бирөө гана!

Азыр үймө-үй кыдырып, акчага добушту сатып алып жүргөндөргө күбө болсоңуздар, видеого тартып алыңыздар, интернетке чыгарыңыздар, кайдыгер болбогула! Биз андай мыйзам бузууларга укук коргоо органдарынын көңүлүн бурдуруп, мыйзамдуу жазасын алуусуна жетишебиз.

Биз шайлоо күнү шайлоо участокторунда, ага жакын жерлерде көзөмөл жүргүзүп, добуш сатып алууларга бөгөт коёбуз.

Урматтуу Президент Алмазбек Шаршенович!

Урматтуу Премьер-министр Сапар Жумакадырович!

Шайлоо күнү же андан кийин өлкөдө тополоң чыгаруу аракеттерине жол бердирбɵɵ үчүн колуңуздардагы бардык конституциялык укуктарыңызды толук пайдаланууну талап кылабыз!

Биз Кыргызстанды чет жердик байларга, олигархтарга саттырбайбыз! Улут намысын саттырбайбыз! Биз Кыргызстаныбыз эгемен, бакубат болоруна ишенебиз! Жашасын Кыргызстан! Жашасын көп улуттуу Кыргыз элим!

Катышкандар:

  1. «Кыргызстан Аксакалдар кенеши»;
  2. Афган согушунун ардагерлер кенеши;
  3. Баткен согушунун ардагерлер кенеши;
  4. «Ашар козголуш» коомдук бирикмеси;
  5. «Достоинство» Кыргыз чоролору коомдук бирикмеси;
  6. «Люстрация» коомдук бирикмеси;
  7. Мекен шейиттери» коомдук бирикмеси;
  8. «Айкол Ала-Тоо» коомдук бирикмеси;
  9. «Таймаш» федерациясы;
  10. «7 апрель баатырлары» коомдук бирикмеси.

Пикир

Оставить комментарий