• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте Улуттук госпиталдын дарыгери токмок жеди

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Бишкекте Улуттук госпиталдын дарыгери Болот Таиров токмок жеди. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармакка жазган.

Анын айтымында, неврологиянын кабыл алуу бөлүмүндө нөөмөттө турган учурда саат 08:30дар чамасында жаш жигит кирип келип, унаадагы бейтапты көрүүнү өтүнгөн. Сыртка чыгып ал унааны да, бейтапты да таппай, жумуш ордуна кайтып келген.

“5-7 мүнөттөн кийин эшикти тээп кирип жогорудагы жигит пайда болду. Чыгып каталкадагы бейтапты көрдүм. Бейтаптын абалын көрүү үчүн жанына барганда башымдын оң жагына сокку жедим. Тигил жаш жигит бейтапты кароого тоскоолдук кылып, урушуп дагы бир жолу урууга аракет кылды. Аны алып кетишкенден кийин гана бейтапты кароого жана тиешелүү жардам көрсөтүүгө мүмкүн болду”,-деп жазган медик.

Таиров болуп өткөн окуя видеокөзөмөлгө тартылып калганын белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий