• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Улуттук инновациялык технологиялар лицейинин кошумча корпусунун ачылыш аземи өтөт

Билим 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 375 окуучулук орунга эсептелген кошумча окуу корпусунун ачылышы болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Финансы министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси катышат.

Белгилей кетсек, кошумча окуу корпусу эки кабаттуу окуу имаратынан туруп, спорттук жана актовый зал, коомдук тамактануу бөлүмүн камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий