• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Улуттук салык форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында "Салык кызматы салык төлөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн" темасында биринчи Улуттук салык форуму өтөт.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана бардык кызыкдар болгон салык төлөөчүлөр катышат.

Форумдун катышуучулары үч талкуу сессиясында салык салуу менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашып, салык саясатын өркүндөтүү, калктын салыктык сабаттуулугун жана салык маданиятын жогорулатуу боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгышат.

Алсак, жаңы Салык кодексинин ишкерлер арасында активдүү талкууга коюлуп келген ченемдери, анын жоболорунун иш жүзүндө колдонулушу каралат.

Мындан тышкары, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жолдору талкууланат.

Форум КР президентинин администрациясы жана Мамлекеттик салык кызматы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий