• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленүүдө.

Борбор калаада “Жеңиш” автожүрүшү өттү. Автожүрүш жыл сайын өтүүчү "Өлбөс полк" жүрүшүнүн коопсуз альтернативасы. Анда катышуучулар аралыкты сактоо менен автоунааларга бөлүнүп отурушту.

Унаалар Фрунзе менен Эркиндик бульварынын кесилишинен баштап, Семетей 2а көчөсүнө чейин жүрүштү.

Ошондой эле “Жеңиш” аянтында согуш жылдарындагы ырлар жаңырып, жарандар эстеликке гүл коюшту.

Пикир

Оставить комментарий