• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

Президент 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарынагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

Мамлекет башчысы Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.

Андан соң президент сөз сүйлөп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилдерин Жеңиш күнү менен куттуктады. Садыр Жапаров Улуу Жеңиш – эрдиктин, каармандыктын жана кайраттуулуктун символу болуп калган бүткүл элдик майрам экенин белгиледи. Кыргызстандык жоокерлердин ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына алтын тамгалар менен жазылган. Алардын улуу эрдиги эч качан унутулбайт жана жана башкаларды өзүнүн сүйүктүү Мекенин мындан ары өнүктүрүүсү үчүн жаңы эрдиктерге шыктандырат.

Ошол эле жерде Бишкек горнизонунун аскеринин өздүк курамы салтанат менен басып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилдеринин ар бири менен учурашып, узак өмүр, бекем ден соолук каалап, аларды талаа ашканасына чейин коштоп барды.

Пикир

Оставить комментарий