• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери каза болду

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Бишкекте 11-июнь күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Петр Иванович Поломошнов 96 жашында каза болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Петр Ивановичтин сөөгү 13-июнда "Озерное" айылындагы мүрзөгө, жубайынын жанына коюлган.

Петр Иванович Поломошнов 1924-жылы туулган. Ал 1942-жылдын августунан тартып Украина фронтундагы 1416-полкунун айдоочу-механиги болуп, андан кийин 1458-полктун 51 гвардиялык бригадасынын катарында согушкан.

1946-жылы ал аскерден бошотулуп, 1952-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарына көчүп келип, айыл чарба техникасынын адиси болуп иштеген.

Ардагер 3-даражадагы "Даңк", 1-даражадагы "Ата Мекендик Согуш" ордени, "Германияны жеңип алгандыгы үчүн" медаль жана башка көптөгөн сыйлыктарга татыган.

Бишкек шаарынын мэриясы ардагердин тууган-жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий