• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте "Улуу Жеңишке - 75 жыл" китебинин бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Күн мурун, 9-декабрда Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган "Улуу Жеңишке - 75 жыл" китебинин бет ачары болуп өттү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, тылдын эмгекчилери, концлагерлердин туткундары катышты.

Китеп Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Ардагерлер кеңеши тарабынан басылып чыгарылды. Китепте ардагерлер жөнүндө айтылат. Китептин авторлору өлкөнүн жаш муундары үчүн ардагерлердин эрдиги патриоттуулуктун, эрдиктин жана Ата-Мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсү болот деп ишенишет.

Белгилей кетсек, 9-декабрга карата Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда Улуу Ата Мекендик согуштун 14 катышуучусу, Улуу Ата Мекендик согуштан майып болгон 3 адам, 2 Ленинград блокадачысы, 6 концлагерь туткуну, 44 тыл эмгекчилери жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары менен майыптарынын 106 жесири турат.

Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата 210 адамга жергиликтүү бюджеттен жалпы суммасы 806 миң сом акчалай компенсация берилди.

Пикир

Оставить комментарий