• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте унаа айдап качкан адам кармалды (сүрөт)

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Шаардык милициянын кызматкерлери унаа айдап качкан адамды кармашты. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-февралда А.М. аттуу борбордун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү Арча-Бешик конушунда "Daewoo Nexia" үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (автокаражаттарын уурдап айдап кетүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери 1987-жылы туулган М.А. аттуу шектүүнү (мурда уурулук үчүн соттолгон) кармашкан. Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарына ылайык, уурдалган унаа Бишкек шаарынын Жал кичирайонунан табылып, ээсине кайтарылып берилди.

“Азыркы учурда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий