• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте унаа айдап бара жатып видео көргөн айдоочуга айып салынды (сүрөт, видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бишкекте жол-кайгуул кызматы тарабынан унаа башкарып бара жатып телефондон видео көргөн №295 маршруттук линиянын айдоочусуна 3 миң сом айып салынды.

Патрулдук милициянын басма сөз кызматы агенттикке билдиргендей, жүргүнчү барын видеого тартып алып, социалдык тармакка жүктөгөн. Социалдык тармакта унаа башкарып бара жатып телефондон видео көргөн айдоочуну сындагандар көп болгон.

Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуну таап, протокол толтуруп, 3 миң сом айып салышкан.

Патрулдук милициянын техникалык көзөмөл бөлүмү айдоочуларды жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий