• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте унаа эне баланы коюп кетти, алар жолду туура эмес жерден кесип өтүшкөн

Коом 0


Бишкек, 20.02.18./Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте унаа кызды коюп кетти, ал апасы менен жолду туура эмес жерден кесип өтүп бара жаткан. Алдын ала маалыматка ылайык, кырсык Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабыркаган кыз ооруканага жеткирилген.

Кырсык болгондогу видео интернет желелеринде жарыяланып, колдонуучулардын нааразычылыгын жаратты, бирок айдоочунун дарегине эмес.

Видеодо көрүнүп тургандай, аял жолду туура эмес жерден кесип өтүп жатканда айдоочулар токтошкон, бирок үчүнчү унаанын айдоочусу аларды байкабай калып, кызды коюп кеткен.

Кырсык болгон жерден айдоочу айрым айдоочуларга караганда качып кетпей, тескерисинче дароо жардамга келди,-деп өз ойлорун интернет колдонуучулар жазышууда.

Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашкандай, алар бул маалыматты учурда тактап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий