• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте унаа коюп кеткен бала каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Бишкекте унаа коюп кеткен бала каза болду. Аталган маалыматты "Кабар" агенттигине Тез жардам станциясынан тастыкташты.

Дарыгерлердин айтуусуна караганда, күн мурун болжол менен саат 23:30дар чамасында жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан баланы унаа коюп кеткен. Кырсык Түштүк магистраль жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"Жабыркаган бала оор абалда шаардагы 4-ооруканага жеткирилген. Бирок алган жаракаттан улам көз жумду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий