• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте унаа "Космопарктын" алдындагы отургучтарды, тосмону сүздү (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 9-мартта болжол менен саат 06.40та “Хундай Соната” үлгүсүндөгү унаа "Космопарктын" алдындагы тосмону, отургучтарды бузуп, бакты сүзүп калды.

"Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 1993-жылы туулган айдоочу рулду башкара албай калган. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Унаа айып унаа кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий