• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте унаа май куюучу жайдын тосмосун сүзүп, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Бишкекте айдоочу май куюучу жайдын тосмосун сүзүп алып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 01:30дар чамасында 27 жаштагы М.А., аттуу жаран “Хонда Аккорд” унаасын А.Токомбаев көчөсү менен башкарып келе жатып Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан “Газпром” май куюучу жайынын темир тосмосун сүзгөн.

Анын жыйынтыгында, 43 жаштага А.А., аттуу жаран жабыркап, ооруканага кайрылган. Унаа атайын айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Чогултулган материалдар шаардык милициянын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий