• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте унаа оңдолуп жаткан жолдогу кудукка түшүп кетти – күбө

Кырсык 0

Бишкек, 18.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте Ахунбаев менен Көпүрө базары көчөлөрүнүн кесилишинде оңдолуп жаткан көчөдөгү кудукка унаа түшүп кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, окуя болгон жерге эвакуатор жана милиция кызматкерлери келишкен. Видеодо көрүнүп тургандай, окуя кеч кирип калган учурда болгон.

“Окуяга чейин ал жерде эч кандай белги болгон эмес, жолду оңдоо иштери жүрүп жаткан. Ал жерди тосуп же жарык берүүчү жабдыкты да орнотуп коюшкан эмес”,-деп билдирди күбө.

Пикир

Оставить комментарий