• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте унаа салыгын төлөө боюнча рейд өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Бишкекте унаа салыгын төлөө боюнча рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, рейд 7-апрель көчөсүндө райондук администрация тарабынан Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жана Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь райондук башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

138 автотранспорттук каражат текшерилип, анын 41инин ээсине тиешелүү протокол түзүлгөн.

Мындай рейддер райондун бардык аймактарында уланат.

Пикир

Оставить комментарий