• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте унаа сол капталы менен мамыны сүзүп, айдоочу аман калды (фото)

Коом 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Бишкекте Чүй проспектисинде (Валиханов менен Ауэзов көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө) жол кырсыгы болуп, унаа жол жээгиндеги мамыны сүздү. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Күбөлөрдүн айтымында, унаанын ичинде эки киши бар болгон жана алар жабыркаган эмес.

Унаа мамыны сол капталы менен сүзгөн. Автоунаа оң рулдуу болгондуктан айдоочу аман калган.

"Артта отурган жүргүнчүнүн буту кысылып калган. Ага окуянын күбөлөрү жардам берип, бутун чыгарышты", - деп айтып беришти күбөлөр.

Пикир

Оставить комментарий