• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте унаа терезелерин караңгылаткан айдоочуларга жалпы 71 миң 500 сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бишкекте кайгуул кызматкерлери тарабынан беш сааттын ичинде терезелерин атайын караңгылаткан 13 унаа аныкталып, 71 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Акыркы учурларда автоунааларынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдаган айдоочулар көп байкалып, анын кесепетинен жол кырсыгына кабылган фактылар да кездешүүдө.

Жол кырсыктарды алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматкерлери атайын "Тонировка" аталышында рейддик иш-чара өткөрдү.

Мындай рейддик иш-чара эртең дагы уланат.

Пикир

Оставить комментарий