• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте унаа уурдоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарында жеңил унааны уурдоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 16-ноябрда болжол менен саат 18:30да "102" кызматына Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Такси кызматында иштеген С.Ш аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү көрсөтүлгөн даректе болжол менен саат 18:10до белгисиз жаран "Хонда Фит Ария" үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз айдап кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы С.Д. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий