• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги айып короодо төрт унаа күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарынын Горький көчөсүндө жайгашкан ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгынын айып короосунда унаалар күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, унаадан чыккан өрт саат 9:39да чектөөгө алынып, саат 10:00дө толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттөн 4 унаа жабыркаган:

1. “Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

2. “Киа” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

3. “ФордФокус” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

4. “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаа арткы оң капталы күйгөн.

Учурду өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий