• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте унааларды мажбурлап эвакуациялоо башталып, 12 автоунаа эвакуацияланды

Коом 0

Бишкек, 16.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте 15-январдан тарта токтотуу эрежелерин бузган унаа каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР ИИМ ЖКККК басма сөз кызматы билдирди.

Эвакуациялоону ишке ашыруу үчүн сынактын жеңүүчүсү “Портал групп” ЖЧКсы болгону айтылат.

Ошентип, 15-январдан тарта “Портал групп” ЖЧКсы эвакуациялоого тийиш унаа каражаттарын жеткирүүнү ишке ашырууда. “АЮ Гарант” ААК жана “Портал групп” ЖЧКсы менен түзүлгөн камсыздоо полисине ылайык, эвакуациялоо учурунда унаа каражатына келтирилген зыянды унаа каражатынын ээсине “АЮ Гарант” ААК кайтарып берет.

Ошону менен бирге ЖКККК унаа каражатын эвакуациялоо айдоочу тарабынан унааны токтотуу эрежелери сакталбаган шартта ишке ашырыларын эскертет.

“Машиналарды эвакуациялоо 15-январда түштөн кийин башталган. Бул убакыттын ичинде 12 унаа эвакуацияланган”, - деп маалымдашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий