• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте унааны айдап качканга шектелип 18 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Бишкекте унааны айдап качканга шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 28-февралда болжол менен саат 09:20лар чамасында “102” кызматына белгисиз адам автоунааны айдап качканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Жеринде 24 жаштагы К.А., аттуу жаран арыз жазып, анда үйүнүн жанында от алып токтоп турган “Тойота Виш” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жаран айдап качып кеткенин жазган.

Кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 18 жаштагы Н.А., аттуу жаранды кармаган. Ал Ленин райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүршкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий