• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте унаанын фарасын сындырганга шектелип бир киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармады.

Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, кечээ, 25-апрелде болжол менен саат 22:45тер чамасында Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен автоунааны талкалат жатат деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине 1972-жылы туулган Ш.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен саат 22:30дар чамасында белгисиз жаран Volvo 360 үлгүсүндөгү автоунаасынын фарасын сындырып, материалдык чыгым келтиргендигин айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Т.Д. аттуу жаранды кармап, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, шектүү автоунаанын ээсинен акча сураганда ал бербей коюп, ушундай кадамга барган.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий