• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте унаанын терезелерин талкалоого шектелип 40 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бишкекте унаанын терезелерин талкалоого шектелип 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 15-майда болжол менен саат 13:30дар чамасында "102" кызматына Кулиев көчөсүндө белгисиз жаран автоунаанын терезелерин талкалап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Жеринде 35 жаштагы З.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсинин токтоп турган унаасынын терезелерин бейтааныш адам кирпич менен талкалап, андан ары качып кеткен.

Ыкчам кармоо иш-аракеттеринин натыйжасында шектүү катары 40 жаштагы Н.М. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий