• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте унаасына жасалма номер тагып, айдоочулук күбөлүгү жок жүргөн айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Бишкекте унаасына жасалма номер тагып, унааны айдоочулук күбөлүгү жок айдап жүргөн жаран кармалды кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-ноябрь күнү болжол менен саат 11:00дө кайгуул милициясынын кызматкерлери Киев менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинен “Toyota Camry” үлгүсүндөгү автоунааны планшет аркылуу текшерип, унаада жасалма номер менен тагылып жүргөндүгү аныкталган.

“Унааны токтотуп, керектүү документтерин текшерүү учурунда 26 жаштагы Б.Ч аттуу жаран өзүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында (Каржы полициясы) иште турганынн айтып, кызматкерлерге баш ийбей качкан. Бирок милициянын кайгуул кызматкерлери мыйзамга баш ийбей качкан айдоочунун артынан кууп, Фрунзе жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен кармашкан. Ошол учурда тийешелүү кызматтар менен текшерген учурда, ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында иштебегендиги аныкталган. Ошондой эле анын жанында айдоочулук күбөлүгү да жок болгон”, - деп билдирет кайгуул милициясы.

Аталган жарандын унаасы убактылуу унаа токтотуучу жайга токтотулган. Айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу жана кызматкерлерге баш ийбегендиги үчүн айдоочуга карата КР Бузуулар кодексинин негизинде бир нече протокол толтурулуп, ал Биринчи май райондук милициясынын ыкчам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий