• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 22.11.20. /Кабар/. Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн түнкү саат болжол менен 00:25те кайгуул кызматкерлери Жибек Жолу жана Т. Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинен “Тойота-Виндом” унаасынын мамлекеттик номери шек жараткандыктан токтотушкан. Унаанын документтерин текшерүү учурунда унаада тагылган мамлекеттик номер техникалык күбөлүктөгү номерге дал келбей, жасалма экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа айып аянтчасына токтотулуп, 23 жаштагы К. Т. аттуу айдоочу Свердлов райондук милициясынын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий