• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.

Билдирүүгө ылайык, 7-декабрда Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жүрүп, Токомбаев көчөсүнөн "Тойота-Камри" унаасын жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 26 жаштагы М.Ч. аттуу айдоочусу унаасынын мамлекеттик номерин алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты боюнча унаа убактылуу токтотуучу жайга токтотулуп, ал эми айдоочуну Октябрь райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий