• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.04.21. /Кабар/. Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-мартында кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 17:30дар чамасында Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Toyota Highlander үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Автоунаанын тиешелүү документтерин текшерүү учурунда 1972-жылы туулган С.Т. аттуу жаран жолтандабасына жасалга номер тагып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Пикир

Оставить комментарий