• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-ноябрь күнү кайгуул кызматкерлери саат 12:12де Анкара көчөсү менен батыш тарапка бара жаткан “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унааны мамлекеттик номери жасалма болушу мүмкүн деген шек менен токтотушкан.

“Унаанын документтерин текшерүү учурунда 26 жаштагы К.Т. аттуу айдоочу унаасына жасалма номер тагып айдап жүргөндүгү аныкталды. Аталган факты боюнча унаа убактылуу токтотуучу жайга коюлуп, айдоочу Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди”, - деп билдирет кайгуул кызматы.

Пикир

Оставить комментарий