• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте универсалдуу Көргөзмө-жарманке – 2017 өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында универсалдуу Көргөзмө-жарманке – 2017 өтүп жатат.

Көргөзмө-жарманкеге 40 тан ашык фирма жана компаниялар өздөрүнүн продукцияларын коюшкан.

Өндүрүшчүлөр азык-түлүк, жеңил өнөр жайы жана башкалардын кеңири түрүн көрсөтүшүүдө.

“Бишкек” көргөзмө-жарманкеси ата мекендик ишкерлерликти калыптандыруу жана өнүктүрүү, бизнесмендерди өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөлүк кесиптештери менен өз ара аракетин түзүүгө салым кошуу менен 20 жылдан ашык убакыттан бери өткөрүлүп келе жатат.

Көргөзмө-жарманке – 2017 28-марттан 2-апрелге чейин саат 10:00дон 18:00го чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий