• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте студенттерге Урал мамлекеттик тоо-кен университети тууралуу маалымат беришти

Коом 0


Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Кыргызстандын эл аралык университетинде Бишкек тоо-кен жана технологиялык колледжи Россиянын Урал мамлекеттик тоо-кен университети менен түзүлгөн келишимдин алкагында семинар болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек тоо-кен жана техникалык колледждин директору Чолпон Жээналиева, Урал мамлекеттик тоо-кен университетинин алдындагы кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Андрей Легостев, Сейсмология институтунун кызматкери Алымбай Токтосопиев, студенттер жана мугалимдер катышты.

Бишкек тоо-кен жана техникалык колледждин директору Чолпон Жээналиеванын айтымында, Урал мамлекеттик тоо-кен университети менен Бишкек тоо-кен жана технологиялык колледжинин келишими 2019-жылдын 18-мартында түзүлгөн.

"Былтыр Бишкек тоо-кен жана техникалык колледжи Россиянын Урал мамлекеттик тоо-кен университети менен бирге кызматташуу тууралуу келишимине кол койгонбуз. Ушул жылдын жай айларында аталган университеттин алдындагы кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Андрей Легостев менен алгачкы жолугушуу өткөргөнбүз. Жолугушууда окуучулар колледжди аяктаганда эки өлкөнүн тең дипломдорун алуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон", - дейт Жээналиева.

Ал белгилегендей, келишимдин артыкчылыгы Бишкекте окусун бүткөн бүтүрүүчүлөр Екатеринбургдагы университетке бюджеттик формага тапшыра алышат.

"Бүгүнкү семинарга студенттер жана окутуучуларды чакырдык. Иш-чара түзүлгөн келишим тууралуу студенттерге маалымат берүү максатында уюштурулду. Анткени биздин окуу жайды бүткөндөр бир гана Кыргызстандын эмес, Россиянын да дипломун алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат", – деди ал.

Урал мамлекеттик тоо-кен университетинин алдындагы кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Андрей Легостев маалымдагандай, Урал тоо-кен университети менен Бишкек тоо-кен колледжинин ортосунда түзүлгөн келишим студенттер үчүн жакшы шарт болот.

“Урал мамлекеттик университети былтыркы жылы Бишкектеги тоо-кен колледжи менен келишим түздү. Келишимге ылайык, студенттер окууну бүткөндө эки өлкөнүн дипломун ала алышат. Мындай келишимдер азыркы учурда актуалдуу жана заманбап болууда. 1992-жылы Россия менен Кыргызстандын ортосунда университеттердин дипломдору бирдей карала турганы тууралуу келишим түзүлгөн. Биз Бишкекке экинчи жолу келип жатабыз. Биринчиси өткөн жылы келишимге кол коюу процессинде келгенбиз. Бүгүн студенттер менен жолугушуу өткөрдүк", - деп айтып өттү ал.

Сейсмология институтунун кызматкери Алымбай Токтосопиевдин айтымында, келишимдин негизинде Бишкек тоо-кен жана технологиялык колледжинде атайын кафедра ачылды.

“Урал мамлекеттик тоо университети менен бир нече жолу байланышып жатып, келишим түздүк. Кыргызстан тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү боюнча сөздөр айтылып келүүдө. Бирок ал тармакты өнүктүрүү үчүн жогорку билимдүү кызматкерлер керек. Мындан улам, биз Россиянын тоо-кен тармагында кендерди өздөштүрүү боюнча биринчи Урал окуу жайы менен кызматташууну туура көрдүк. Алардын окуу методикасын бизге алып келүү, мугалимдерди кайра окутуунун баары келишимде көрсөтүлүп турат", - деп белгиледи Токтосопиев.

Пикир

Оставить комментарий