• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Уурдалган тоок” соттук спектакли коюлат

Маданият 0

Бишкек, 25.03.18 /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу “Уурдалган тоок” тамашалуу соттук спектакли коюлат. Бул тууралуу “Көчмөн Номад” коомдук фондунан билдиришти.

“Коомубузда дайым жакшылыктар менен бирге эле, кайым айтышуу, урушуу, согушуу, талашу тартышуу болуп турат. Талаш тартыштардын арасында чечилбей келген чоң маселелер абдан көп. Бул маселелердин мыйзамдуу чечүү бул – сот аркылуу гана ишке ашат. Бирок, азыркы биздин коомдо адамдардын бир бөлүгү сот системасына ишенимин жоготуп, убактысын короткусу келбесе, бир бөлүгү соттошуудан коркуп, сот залына баруудан качып, канчалаган маселелер чечилбей же болбосо мыйзам бузуу менен алдуусу алсызын сыздатып келүүдө. Келтирилген мисалдардын башкы себеби болуп, коомчулук, көбүн эсе жаштардын мыйзам үстөмдүүлүгү тууралу маалыматы жоктугунан, өз укугун коргой албагандыгынан келип чыкса, кээ бири “сот” залына баруудан коркуп келишет. Бул маселени чечүү жолдорунун, жаштарга маалымат жеткирүүнүн бир жолу катары жаштар үчүн биринчи жолу Кыргызстанда “Уурдалган тоок» тамашалуу соттук спектаклин коюудабыз”, - деп айтылат фонддун билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, спектаклден тышкары, алдынкы эксперттердин катышуусунда талкуу жүрүп, суроо жооп менен жыйынтыкталмакчы.

Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 29-мартында Тунгуч театрында саат 14:00дө башталат.

Долбоор Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып, БУУ ӨП колдоосунда “Көчмөн Номад” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий