• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте уурулук кылууну пландап жаткан 4 бала кармалды (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Бишкекте уурулук кылууну пландап жаткан 4 бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-майда милиция кызматкерлери “Тойота Карина” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан, анын ичинде төрт бала болгон. Алардын биринен аныкталбаган маркадагы тапанча табылган.

Балдардын бардыгы милиция бөлүмүнө жеткирилген. Текшерүү маалында төмөнкү буюмдар алынган: колкап, бет кап, уюлдук телефондор, зымдар.

Кармалгандардын айтуусунда, алар уурулук кылууну пландап жатышкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар - 1994-жылкы Э.Ы., 1989-жылкы Ж.М., 1987-жылкы М.А., жана 1989-жылкы Т.Э – Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.

Пикир

Оставить комментарий